Бүгүн, 13-майда АКШ президенти Дональд Трамптын Кытайдагы мамлекеттик сапары башталды.
Үч күнгө созула турган визит 13–15-майга пландалган. Негизги жолугушуулар 14-майда өтүп, Бээжинде Си Цзинпин менен сүйлөшүүлөр болот.
Сапар алдында Трамп жолугушуу эки өлкө үчүн тең пайдалуу жыйынтык берет деген ишенимин билдирди. Ал АКШ менен Кытайды дүйнөдөгү “ири державалар” деп атап, сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык байланыштар негизги темалардын бири болорун белгиледи. Ошондой эле тараптар Ирандын айланасындагы кырдаалды да талкуулаары күтүлүүдө.
АКШ делегациясынын курамына белгилүү ишкерлер да кирди. Алардын арасында Илон Маск жана Тим Кук бар.
Бул АКШ президентинин Кытайга 2017-жылдан кийинки алгачкы визити болуп эсептелет.


