Башкы беткеПрезидентКоопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысынын...

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысынын орун басары менен жолугушту

Бүгүн, 13-майда Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Иран Ислам Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин тышкы саясат боюнча катчысынын орун басары Али Багери менен жолугушту.
ШКУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жолугушуусунун алдында өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык процесстер талкууланды.
Мындан тышкары, эки жактуу кызыкчылык туудурган бир катар багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуучу тарап катары Кыргызстандын ролу, ошондой эле уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоонун мааниси баса белгиленди.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар