Жүргүнчүлөр эми “Манас” аэропортуна жаңы жерден кирип-чыгышат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Маалыматка ылайык, аэровокзал комплексинин жаңы бөлүгү пайдаланууга берилип, кирүү жана чыгуу батыш тарабында жайгашты. Реконструкциянын алкагында жаңы күтүү залдары жана каттоо аймактары иштей баштап, стерилдүү зона жаңыланды.
Бул аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртат. Аэровокзалдын эски бөлүгү реконструкцияга жабылды.


