Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев Бишкектеги социалдык мекемелердин курулушун текшерди

Адылбек Касымалиев Бишкектеги социалдык мекемелердин курулушун текшерди

Бишкекте Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында бир катар социалдык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Алгач Министрлер кабинетинин башчысы №23 орто мектеп үчүн курулуп жаткан жаңы имаратты текшерди. 700 орунга ылайыкташкан үч кабаттуу мектеп заманбап талаптарга жооп берген окуу кабинеттерин, лабораторияларды, компьютердик класстарды, китепкананы, спорттук жана актовый залдарды, чыгармачылык ийримдер үчүн бөлмөлөрдү камтыйт.

Мектептин аймагында мини-футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, воркаут-зонасы жана балдар ойноочу аянтчалар дагы курулууда. Андан соң К.Кожомкул атындагы Спорт сарайын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү текшерилди. Долбоор эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта жаңы бассейн курулуп жатса, экинчи этапта ден соолукту чыңдоо борбору жана концерттик зал капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга курулуш иштеринин сапатын жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышын өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Белгилей кетсек, иш сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү коштоп жүрүп, объектилерди көргөндөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берилди.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар