Башкы беткеКоомКоргоо министри Баткендеги аскер бөлүктөрүн текшерди

Коргоо министри Баткендеги аскер бөлүктөрүн текшерди

Коргоо министри Руслан Мукамбетов 14–15-май күндөрү өлкөнүн түштүк-батыш аймагына иш сапар менен барып, Баткен облусундагы аскер бөлүктөрдүн абалы менен таанышты.

Министр күжүрмөн жана мобилизациялык даярдык, аскердик тартип, кызмат өтөөнүн уюштурулушу, ошондой эле материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин текшерди.

Иш сапардын жүрүшүндө аскердик инфраструктураны жакшыртуу, курулуш жана оңдоо иштерин улантуу, ошондой эле аскер бөлүктөрүн күз-кыш мезгилине даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Руслан Мукамбетов аскер кызматчылары менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин укту жана күжүрмөн даярдыкты жогорулатууга багытталган тапшырмаларды берди.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар