Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстандын ички дүң өндүрүшү 12,4 пайызга өстү

Кыргызстандын ички дүң өндүрүшү 12,4 пайызга өстү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын аппараттык жыйынын өткөрдү.

Жыйында МинКаб башчысы 2026-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 602,8 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,4 пайызга өскөнүн билдирди.

Анын айтымында, курулуш тармагындагы өсүш 72,8 пайызды, кызмат көрсөтүү сектору 7,2 пайызды, айыл чарбасы 3 пайызды түзгөн. Ал эми өнөр жай тармагындагы өсүш 14,7 пайызга жеткен.

“Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 128,6 миллиард сомду түзүп, 69,7 пайызга көбөйдү. Бул ички каржылоо булактарынын 1,6 эсеге, тышкы булактардын 2,4 эсеге өсүшү менен камсыз болду”, — деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле жыйында өкмөттүк акселераторлордун алкагында үч жаңы реформаны ишке киргизүү жарыяланды. Алардын катарында чет өлкөлөрдө формалдуу эмес сектордо иштеген эмгек мигранттары үчүн пенсиялык камсыздандырууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоону жөнөкөйлөтүү, ошондой эле мектеп окуучуларын профилактикалык кароодон өткөрүү процессин санариптештирүү бар.

Мындан тышкары, учурда “Инвестициялар” автоматташтырылган маалыматтык системасы жана сыйлыктарды электрондук форматта жүргүзүүгө багытталган “Сыйлык” маалыматтык системасы иштелип чыгып жатканы маалымдалды.

Жыйындын соңунда МинКаб төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган реформаларды 100 күндүн ичинде ишке ашырып, конкреттүү жыйынтыктарды көрсөтүү боюнча тапшырмалар берди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар