Башкы беткеКоомЕАЭБде жүк ташуулар үчүн бирдиктүү жол талаптары күчүнө кирди

ЕАЭБде жүк ташуулар үчүн бирдиктүү жол талаптары күчүнө кирди

17-майдан тарта Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин евразиялык транспорттук коридорлорунда жүрүүчү жүк ташуучу унаалар үчүн бирдиктүү салмактык жана габариттик талаптарды караган макулдашуу күчүнө кирди.

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, жаңы макулдашуу транспорттук чыгымдарды азайтып, жүк ташууну жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.

“Бул чечим ЕАЭБ аймагындагы 14 миң чакырымдан ашуун унаа жолдорунун технологиялык биримдигин камсыздайт. Буга чейин ар өлкөдөгү салмактык жана габариттик талаптардын айырмачылыгынан улам ташуучулар жүктү бөлүүгө же башка унаага которууга аргасыз болушчу”, — деди Кожошев.

Анын белгилешинче, эми жүк ташуучулар товарларды бөлбөстөн евразиялык транспорттук коридорлор аркылуу эркин ташый алышат. Ошондой эле айрым мамлекеттерде мурда талап кылынган кошумча атайын уруксаттарды алуу зарылдыгы жоюлду.

Евразия экономикалык комиссиясы бул кадам биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды азайтып, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар