Башкы беткеЭкономикаКыргызстан күйүүчү май боюнча өзүн-өзү камсыздоону көздөйт

Кыргызстан күйүүчү май боюнча өзүн-өзү камсыздоону көздөйт

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майлар (КММ) боюнча ички керектөөнү толук жабууга кудуреттүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө бир катар мунайды кайра иштетүүчү ишканалар иштеп жатат жана бул багытта өндүрүштү кеңейтүү иштери жүрүүдө. Өзгөчө Кочкор-Атадагы мунай өндүрүүчү заводду 2028-жылга чейин модернизациялоо пландалып, ага мамлекет тарабынан 450 млн доллар өлчөмүндө бюджеттик насыя бөлүнгөн.

Ошол эле учурда негизги багыт катары чийки мунайды сырттан алып келип, өлкө ичинде кайра иштетүүнү күчөтүү каралууда. Учурда ички заводдор мазут жана дизель өндүрсө да, бул көлөм ички суроо-талапты толук камсыз кылууга жетишсиз экени айтылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар