Башкы беткеКоомСоцфонд: пенсия күзүндө көтөрүлөт

Соцфонд: пенсия күзүндө көтөрүлөт

Быйыл күзүндө Кыргызстанда пенсияны жогорулатуу күтүлүүдө. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Анын айтымында, учурда республикада эң төмөнкү пенсия 7,1 миң сомду түзөт. Мурда айрым жарандар 1–2 миң сомдон гана пенсия алышкан учурлар болгон, бирок реформалардын жыйынтыгында бул сумма жогорулатылган.

Мукамбетов пенсиялар инфляцияга жана орточо айлык акынын өсүшүнө жараша жыл сайын индексацияланып турарын белгиледи.

Ал эми 2026-жылы да пенсияны октябрь айларында жогорулатуу пландалып жатканын айтып, так пайыз бюджеттин жарым жылдык жыйынтыгына жараша аныкталарын кошумчалады.

Учурда өлкөдө пенсиянын орточо өлчөмү 11,3 миң сомду түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар