АКШ Сенаты президент Дональд Трамп тарабынан жүргүзүлө турган ар кандай аскердик аракеттерди Конгресс менен макулдашуу талабын караган мыйзам долбоорун жактырды.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорун 50 сенатор колдоп, 47 сенатор каршы добуш берди. Демократтардын көпчүлүгү жана төрт республикачы сенатор документти колдосо, республикачылардын басымдуу бөлүгү жана бир демократ сенатор каршы чыкты.
Бул мыйзам долбоору буга чейин жети жолу сунушталып, бирок кабыл алынган эмес.
CNN маалымдагандай, мыйзам долбоору алгач 2025-жылы АКШнын Ирандагы өзөктүк объекттерге жасаган соккуларынан кийин Сенаттын кароосуна коюлган. Экинчи жолу добуш берүү 5-мартта — АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы башталгандан бир нече күн өткөн соң өткөрүлгөн.



