Башкы беткеПрезидентБаткенде жаштар жана аялдарды колдоого багытталган борбор ачылды

Баткенде жаштар жана аялдарды колдоого багытталган борбор ачылды

Баткен шаарында жаштар жана аялдарды колдоого багытталган эки жаңы борбор ишин баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Долбоорду ишке ашырууга шаардык мэрия тарабынан 6,3 млн сом бөлүнүп, имарат толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мындан тышкары, БУУӨП жана Россия тараптан 52 миң АКШ доллары өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлүп, борборлор керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалды.

Расмий ачылышта белгиленгендей, Баткен шаарындагы 12 миңден ашуун жаштар үчүн мындай мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аймактын өнүгүүсүндө маанилүү кадам болуп саналат. Жаштар борбору санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган заманбап окуу жана демилге аянтчасы катары иш алып барат.

Ошондой эле, имараттын ичинде ачылган «Айым HUB» аялдарды колдоо борбору айымдар үчүн укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүү менен катар, алардын лидерлик жана экономикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар