Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Корея жана Кыргызстанды өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан уюштурулган туруктуу айыл чарба жана өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, көргөзмө Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү ушул форматтагы алгачкы көз карандысыз туруктуу көргөзмө аянтчаларынын бири болуп саналат. Ошондой эле Корея Республикасынын заманбап айыл чарба жана өнөр жай технологияларын бириктирет.
Долбоордун негизги максаты — эл аралык кызматташууну өнүктүрүү, инновациялык технологияларды киргизүү, Кыргызстандын агроөнөр жай тармагын колдоо жана Кыргызстан, Корея Республикасы жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн компаниялары үчүн туруктуу ишкердик аянтчасын түзүү.
Көргөзмөнүн алкагында айыл чарба жана өнөр жай багытындагы алдыңкы технологиялар, жабдуулар, күнөскана чарбасы үчүн инновациялык чечимдер, продукцияны кайра иштетүү, сугат системалары, үрөөнчүлүк, экологиялык таза өндүрүш жана Корея Республикасынын өнөр жай секторунун технологиялары көрсөтүлдү.



