Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда Тажикстандын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн жабылуу аземи өттү.
Иш-чарага маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев жана Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Ализода Назирмад катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Салтанаттын алкагында кыргыз жана тажик өнөрпоздору концерттик программа тартуулап, эки элдин достугун, маданий алакасын жана руханий жакындыгын чагылдырган чыгармаларды аткарышты.
Белгилей кетсек, Тажикстандын Маданият күндөрү Кыргызстанда бир нече күнгө созулуп, анын алкагында концерттер, көргөзмөлөр, кино көрсөтүүлөр жана башка маданий иш-чаралар уюштурулду.



