Башкы беткеКоомБала бакчаларда мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынды

Бала бакчаларда мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынды

Күн мурун Бишкек шаарында бала бакчалардын директорлорунун катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2025–2026-окуу жылын жыйынтыктоо, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жайкы мезгилде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин уюштуруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле мыйзам талаптарын так сактоо жана мыйзамсыз акча чогултууга жол бербөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучуларга бүтүрүү иш-чараларын өткөрүү, тарбиячыларга белек алуу жана башка муктаждыктар үчүн акча чогултууга катуу тыюу салынары дагы бир ирет эскертилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар