Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаарда түнкү автобус каттамдарын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында айтты.
Анын айтымында, учурда бул маселе коомдук талкууга чыгарылган. Талкуу жыйынтыкталгандан кийин шаар бийлиги түнкү коомдук транспортту уюштурууга шарт түзүүгө даяр.
Мэр түнкү каттамдар үчүн өзүнчө тариф киргизүү пландалып жатканын белгиледи. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, жол кире 50–70 сомдун тегерегинде болушу мүмкүн.
Ошондой эле түнкү автобустар таңга чейин иштөөсү каралууда.



