Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйындарына катышып, өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана транспорттук кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал өз сөзүндө КМШ акыркы 35 жыл ичинде көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзгөн маанилүү аянтчага айланганын айтып, бүгүнкү күндө уюм экономика, транспорт, экология, технология жана гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө өзгөчө ролду аткарып жатканын белгиледи.
Адылбек Касымалиевдин айтымында, Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2025-жылы 7 миллиард доллардан ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 9 пайыздан көбүрөөк өскөн. Бул көрсөткүч Шериктештик алкагындагы экономикалык байланыштардын туруктуу өнүгүп жатканын айгинелейт.
МинКаб Төрагасы өз ара соода жүргүзүүдөгү административдик тоскоолдуктарды азайтуу, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, транспорт коридорлорун бекемдөө жана тышкы соода операцияларын санариптештирүү багытындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле ал өзгөрүлүп жаткан геосаясий шарттарда альтернативдүү логистикалык багыттардын мааниси өсүп жатканын айтып, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу аймактагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи.
Жыйында уран казуу иштеринен жабыркаган аймактарды рекультивациялоо боюнча мамлекеттер аралык максаттуу программанын жыйынтыктары дагы талкууланды. Адылбек Касымалиев бул багыттагы иштерге салым кошкон мамлекеттерге ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары, ал быйыл Кыргызстанда өтө турган Ысык-Көл эл аралык мааракелик 40-форумуна жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн активдүү катышууга чакырды.
КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюу аземи өттү.



