Бүгүн түнкү саат 01:00дөр чамасында жааган катуу жаандын кесепетинен Кара-Суу районунда сел жүрүп, бир катар айылдардагы турак үйлөрдү жана социалдык объекттерди суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 80ге жакын турак жай жана социалдык объект жабыркаган. Анын ичинен 56 турак үйдүн жер төлөлөрүн, 23 үйдүн короолорун суу каптаган. Сары-Колот айылында бир турак үй жана алты сарай авариялык абалга келген.
Ошондой эле Кыргыз-Чек айылындагы оорукананын жер төлөсүнө жана Курбан-Кара айылындагы мектептин короосуна сел суулары кирген. Кырсыктын кесепетинен жалпысынан 48 баш койду сел агызып кеткен.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана атайын техникалар Мады, Датка, Ынтымак, Ала-Тоо жана Отуз-Адыр айыл аймактарында тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан келтирилген чыгымдарды тактоо иштери улантылып жатат.



