Башкы беткеКоомЫсык-Көлдө «Казакстан» санаторийи кайрадан ишин баштайт

Ысык-Көлдө «Казакстан» санаторийи кайрадан ишин баштайт

Ысык-Көл жээгинде жаңы беш жылдыздуу «Казакстан» санаторийинин курулушу уланууда. Ден соолукту чыңдоочу жайды 2026-жылдын 1-ноябрында ишке берүү пландалууда.

Жаңыланган санаторий жыл бою иштеп, бир учурда 180ге чейин эс алуучуну кабыл ала алат.

«Казакстан» санаторийи алгач 1962-жылы ачылып, көп жылдар бою Ысык-Көлдөгү белгилүү эс алуу жана дарылануу жайларынын бири болуп келген. Азыркы учурда 17,5 гектар аянтта заманбап көп тармактуу дарылоо-эс алуу комплекси курулуп жатат.

Долбоордун алкагында негизги корпус жана коттедждерден турган номерлер фонду, дарылоо корпусу, спорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси, жабык жана ачык бассейндер, спорт аянтчалары, веложолдор, ресторандар, кофеханалар, конференц-залдар жана кинотеатрлар каралган.

Санаторийде ылай менен дарылоо, суу терапиясы, физиотерапия, ийне терапиясы жана медициналык реабилитациянын башка түрлөрү жеткиликтүү болот.  Негизги дарылоочу табигый факторлор катары Ысык-Көлдүн климаты, термоминералдык суулар жана Каракол көлүнүн ылайы колдонулат.

Долбоордун алкагында 260ка жакын жумуш орду түзүлүп, негизинен жергиликтүү тургундарды жумушка алуу пландалууда. Санаторийдин директору Ерназ Омарханов билдиргендей, жаңы комплекс эс алуу жайы гана болбостон, аймактагы туризмди жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө дагы салым кошот.

Жаңыланган санаторий келечекте Кыргызстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн келген туристтерди кабыл алат деп күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар