Башкы беткеПрезидентЖергиликтүү бийлик жарандар менен жакындан иштөөсүн талап кылган Жарлык чыкты

Жергиликтүү бийлик жарандар менен жакындан иштөөсүн талап кылган Жарлык чыкты

Садыр Жапаров «Жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иш алып баруу натыйжалуулугун жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуу сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Документ жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо, мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана жергиликтүү бийлик менен калктын ортосундагы байланышты күчөтүү максатында кабыл алынды.

Жарлыкка ылайык, жергиликтүү бийлик органдары түз байланыш телефондорун уюштуруп, көчмө кабыл алууларды өткөрүп, коомдук кабылдамаларды түзүүгө тийиш болот. Ошондой эле калк менен иштөөнүн санариптик сервистерин өнүктүрүү, “ишеним телефондорунун” туруктуу ишин камсыз кылуу жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү каралган.

Документте мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү жана бюрократияны азайтуу боюнча чаралар дагы камтылган. Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын калк менен өз ара аракеттенүүсүндө санариптик платформаларды жана интернет-сервистерди кеңири колдонуу пландалууда.

Башкы прокуратурага жарандардын укук коргоо органдарына байланыштуу арыз-даттанууларын, анын ичинде ЖМК жана интернетте жарыяланган материалдарды туруктуу көзөмөлдөө тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар