Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков дүйнөгө белгилүү Enigma тобунун вокалисти Эндрю Дональдс менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Дайырбек Орунбеков дүйнөлүк деңгээлдеги маданият өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келиши өлкөнүн эл аралык аброю өсүп жатканын айгинелей турганын белгиледи. Анын айтымында, өлкөдөгү туруктуу өнүгүү жана экономикалык өсүш Кыргызстанды инвесторлор үчүн гана эмес, маданият жана чыгармачылык чөйрөсүндөгү белгилүү инсандар үчүн дагы кызыктуу багытка айлантууда.
Жолугушууда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө дагы өзгөчө көңүл бурулуп, өлкөнүн кооз жаратылышы, тоолуу аймактары, экологиялык туризм жана активдүү эс алуу үчүн шарттары тууралуу маалымат берилди.
Өз кезегинде Эндрю Дональдс Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдүн темпине таң калганын айтып, жергиликтүү тургундардын меймандостугун жана ачык мамилесин жогору баалады.
Тараптар маданий байланыштар өлкөнүн эл аралык имиджин чыңдоодо маанилүү роль ойной турганын белгилеп, бул сапар Кыргызстанды дүйнөлүк аудиторияга жаңы өңүттө таанытууга мүмкүнчүлүк берерин билдиришти.


