Башкы беткеМаданиятКыргызстан менен BBC медиа тармагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен BBC медиа тармагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Мирбек Мамбеталиев BBCнин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Ричард Колборн менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Министрликтин маалымат башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов, BBCнин Бишкек бюросунун башчысы Заирбек Бактыбаев жана BBCнин Кыргыз кызматынын башкы редактору Кубат Касымбеков катышты.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы медиа чөйрөнүн учурдагы абалын, сөз эркиндигин камсыз кылуу, санариптик журналистиканы өнүктүрүү жана жалган маалыматтарга каршы аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле маалымат тармагындагы тажрыйба алмашуу, эл аралык медиа кызматташтыкты кеңейтүү жана журналистиканын сапатын жогорулатуу боюнча пикир алышуу болду.

Министр Мирбек Мамбеталиев Кыргызстан сөз эркиндигин, көз карандысыз медианы жана ачык диалогду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө салттуу медиа менен катар санариптик платформалар жана социалдык тармактар дагы активдүү өнүгүп жатат.

Мындан тышкары, тараптар дүйнөлүк аудиторияга Кыргызстанды таанытуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эл аралык деңгээлде чагылдыруу маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар