Башкы беткеМаданиятУлуттук китепканада “Китепкана түнү – 2026” маданий кечеси өтөт

Улуттук китепканада “Китепкана түнү – 2026” маданий кечеси өтөт

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана бүгүн “Эгемендик — ыйык мурас, Уңгужол — келечекке багыт” аттуу “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасын өткөрөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалыматына ылайык, иш-чара “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган. 

Кеченин жүрүшүндө коноктор үчүн белгилүү инсандар менен жолугушуулар, адабий жана интеллектуалдык оюндар, чыгармачыл мастер-класстар, көргөзмөлөр, шахмат мелдештери, концерттик номерлер, кино көрсөтүүлөр жана театрлаштырылган сахналык оюн-зооктор сунушталат. 

Иш-чара кечки саат 18:00дө башталып, түнкү 24:00гө чейин уланат. Уюштуруучулар шаар тургундарын жана конокторду бул маданий кечеге активдүү катышууга чакырат. 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар