Башкы беткеКоомРоссияга баруучу жарандарга ruID тиркемесинен каттодон өтүү милдеттүү болот

Россияга баруучу жарандарга ruID тиркемесинен каттодон өтүү милдеттүү болот

30-июндан тарта Россия Федерациясына иштөө жана билим алуу максатында бара турган жарандар мамлекеттик кызматтардын порталынын ruID тиркемесинде алдын ала каттоодон өтүүгө милдеттүү болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов билдирди.

Анын айтымында, тиркеме аркылуу жарандар сапар алдында атайын анкета толтурушу керек. Бул система жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана миграциялык көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.

Каттоодон өтпөгөн жарандар Россияга киргизилиши мүмкүн, бирок аларга катталуу, келишим түзүү, медициналык камсыздандыруу жана SIM-карта алуу сыяктуу кызматтарды пайдаланууда кыйынчылыктар жаралат.

Эрежеге ылайык, анкета сапарга чейин 90 күндөн эрте эмес жана кеминде 72 саат мурда толтурулушу зарыл. Өзгөчө учурларда 4 саат калганда да катталууга мүмкүнчүлүк бар.

Байбосов ошондой эле бул система жарандарга алдын ала текшерүү жүргүзүүгө, “кара тизмеде” бар-жогун билүүгө жана ашыкча чыгымдардын алдын алууга жардам берерин белгиледи.

Учурда ruID тиркемеси App Store, Google Play, RuStore жана AppGallery платформаларында жеткиликтүү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар