Башкы беткеКоомЖайында өрт коопсуздугун сактаңыз!

Жайында өрт коопсуздугун сактаңыз!

Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери капитан Муратаалы уулу Р.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов району боюнча Өрттү көзөмөлдөө бөлүмү 2026-жылдын башынан бери райондун аймагында 60 өрт кырсыгы катталганын маалымдады.

Анын кесепетинен 19 миллион сомдон ашык социалдык-экономикалык чыгым келтирилген.

Жайкы өрт коопсуздугу жана сууга түшүү мезгилине байланыштуу Биринчи Май райондук ӨКБ кызматкерлери көлмөлөрдө, ачык суу сактагычтарда жана бассейндерде профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери уюштурулуп, суу объектилерине жакын жайгашкан эс алуу аймактарында өрт коопсуздугу боюнча нускамалар берилүүдө.

Адистер борбор калаанын тургундарын жана конокторун суу каналдарынын, көлмөлөрдүн жанында өзгөчө этият болууга чакырат.

Балдарды кароосуз калтырбоо жана сууга чөгүп кетүү коркунучунун алдын алуу зарылдыгы эскертилди.

Мындан тышкары, эс алуу жайларында таштанды күйгүзбөө, өчпөгөн тамекини туш келди ыргытпоо жана жагылган отту толук өчүрүү талап кылынат. Өрт коопсуздугунун жөнөкөй эрежелерин сактоо айлана-чөйрөнү өрт кырсыгынан коргоого жардам берет.

Өрт кырсыгы катталган учурда 101 жана 112 номерлерине кайрылуу керектиги эскертилет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар