Башкы бетке∅Франция "Кара мыйзамдар жыйнагын" расмий түрдө жокко чыгарууну карап жатат

Франция “Кара мыйзамдар жыйнагын” расмий түрдө жокко чыгарууну карап жатат

Франция парламенти колониялык доордон калган “Кара кодекс” (Code noir) деп аталган королдук жарлыктарды жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

Бул документ 1685-жылы король Людовик XIV тарабынан кабыл алынып, француз колонияларындагы кулдардын укуктук абалын жөнгө салган. Мыйзамга ылайык, адамдар “кыймылдуу мүлк” катары каралган.

Франция 2001-жылы кулчулукту жана кул соодасын адамзатка каршы кылмыш катары тааныган. Бирок колониялык доордон калган айрым укуктук актылар расмий түрдө толук жокко чыгарылган эмес.

Депутаттар кабыл алган жаңы мыйзам бул тарыхый жарлыктарды жокко чыгарууну көздөйт.

Франция тарыхында кулчулук бир нече жолу жоюлуп кайра калыбына келген: 1794-жылы биринчи жолу, 1848-жылы акыркы жолу толук жоюлган.

Активисттер бул чечимди колониялык мурасты кайра карап чыгуудагы маанилүү кадам катары баалап, кулчулуктун кесепети бүгүнкү күнгө чейин социалдык теңсиздик жана расизм түрүндө сакталып келерин белгилешүүдө.

Президент Эммануэль Макрон да “Кара кодекс” тарыхта калууга тийиш экенин айтып, анын сакталып келиши коом үчүн ыңгайсыз мурас экенин билдирген.

Ошентсе да Франция азырынча кулчулук үчүн расмий кечирим суроону жарыялай элек.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар