Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөн «Кыялымдагы Кыргызстан» эл аралык туристтик форум-фестивалынын алкагында жаштардын диалог сессиясы уюштурулуп, чек арадагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана коопсуз эмгек миграциясын жайылтуу маселелери талкууланды.
Иш-чарага Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаш лидерлери, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты. Диалог сессиясы БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосу менен Эл аралык миграция уюму тарабынан уюштурулду. Катышуучулар чек арага жакын аймактардагы жаштардын эмгек миграциясындагы ролун, миграциялык тобокелдиктерди азайтуу жолдорун жана калк арасында маалыматтык иштерди күчөтүү маселелерин талкуулашты.
Эл аралык миграция уюмунун долбоор координатору Таалайбек Талантбек уулу жаштар уюмдарынын ортосундагы өнөктөштүк коңшу мамлекеттердин ортосундагы ишенимди бекемдеп, коопсуз эмгек миграциясы боюнча туруктуу байланыштарды түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи. Сессиянын жыйынтыгында үч өлкөнүн жаштар уюмдары кызматташууну өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюп, узак мөөнөттүү биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.
Ошондой эле катышуучулар социалдык тармактарда жана жергиликтүү деңгээлде коопсуз жана жөнгө салынган эмгек миграциясы боюнча маалымдуулукту жогорулатууга багытталган биргелешкен маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.
Уюштуруучулардын айтымында, жаштар чек ара аймактарынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болуп саналат жана алардын демилгелери аймактагы кызматташтыкты чыңдоого олуттуу салым кошот.



