Башкы беткеПрезидентМамлекеттик протокол жаңыланды. Президент Мыйзамга кол койду

Мамлекеттик протокол жаңыланды. Президент Мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты болуп Кыргызстандын Мамлекеттик протоколунун негизги жоболорун колдонуудагы Конституцияга жана мыйзамдарына ылайык келтирүү, ошондой эле Мамлекеттик протоколдун жол-жоболорун өркүндөтүү болуп саналат.

Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун максаттары жана милдеттери;

2) Кыргыз Республикасында протоколдук иш-чараларды өткөрүү тууралуу жалпы жоболору;

3) Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк делегациялардын сапарлары тууралуу жалпы жоболору;

4) чет мамлекеттердин элчилеринин Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын тапшыруу тартиби;

5) Кыргызстандын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчилери тарабынан тапшыруу үчүн ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын даярдоо тартиби;

6) Мамлекеттик протоколунун жалпы жоболору (тиркеме) белгиленүүдө, аларга ылайык:

– сапарлардын мүнөзү жана форматы;

– Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлүк сапарлары тууралуу жоболору;

– Кыргызстанга чет мамлекеттердин башчыларынын, өкмөт башчыларынын, парламенттеринин башчыларынын, тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын, мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын атайын өкүлдөрүнүн сапарларынын тартиби;

– Кыргызстанга монархтардын, тактынын мураскорлорунун жана падышалардын үй-бүлөлөрүнүн башка мүчөлөрүнүн сапарларынын тартиби;

– Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын башчыларынын сапарларынын тартиби;

– өкмөттөр аралык жана парламенттер аралык комиссиялардын жыйналыштарынын тартиби;

– Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын өлкө боюнча иш сапарларынын тартиби;

– протоколдук иш-чаралардын тартиби жана талаптары жөнүндө башка жоболору;

7) кызмат адамдарынын протоколдук улуктугу Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Президент тарабынан бекитилет.

 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар