Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Кипр эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Кипр эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Бүгүн, 8-июнда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келген Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кипрдин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты. Өзгөчө саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык, туристтик жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду.

Министрлер ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча пикир алышып, эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Кипрдин ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөө боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Константинос Комбостун Кыргызстанга болгон расмий иш сапары 7-июнда башталган. Сапардын алкагында бир катар расмий жолугушуулар жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар