Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жапайы жаныбарларды мыйзамсыз атуу үчүн ири өлчөмдөгү айып пулдар каралган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлүп, браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Белгиленген айып пулдардын өлчөмү төмөнкүдөй:
- Илбирсти мыйзамсыз атуу үчүн — 2 миллион сом;
- Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу жана жейрен үчүн — 1,5 миллион сом;
- Кызыл карышкыр, мадыл жана сүлөөсүн үчүн — 50 миң сом.
Министрлик жакында эле Суусамыр өрөөнүндө кийик аткан браконьер кармалганын эске салып, учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Ошондой эле жарандар жапайы жаныбарларга байланыштуу мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды 108 ишеним телефонуна билдире алышат.
Адистер жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо ар бир жарандын милдети экенин белгилеп, экологиялык мыйзамдардын талаптарын так аткарууга чакырышты.



