Башкы беткеДүйнөФилиппинде күчтүү жер титирөө ондогон жарандын өмүрүн алды

Филиппинде күчтүү жер титирөө ондогон жарандын өмүрүн алды

Филиппиндин түштүгүндө күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, анын кесепетинен ондогон адам каза болду. Бул тууралуу Хенераль-Сантос шаарынын өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу башкармалыгынын башчысы Агрипино Дасера билдирди.

Анын айтымында, учурда каза болгондордун так саны жана келтирилген чыгымдын көлөмү боюнча баалоо иштери дагы уланууда.

Филиппиндин Вулканология жана сейсмология институтунун (PHIVOLCS) маалыматына ылайык, жер титирөө дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:37де катталган. Жер силкинүүнүн очогу Минданао аралындагы Сарангани провинциясынын Маасим шаарынын жээгинен 32 чакырым түштүк-батышта жайгашып, 33 чакырым тереңдикте болгон.

Адистер цунами толкундарынын бийиктиги 1,4 метрге чейин жеткенин билдиришти. Жергиликтүү маалымат каражаттары айрым имараттар кыйрап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын кабарлашты. Жер титирөө коңшу провинцияларда да сезилген.

Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос кенже жабыркаган аймактарда куткаруу жана калыбына келтирүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле ал жарандарды коопсуздук максатында бийик аймактарга эвакуацияланууга чакырды.

Белгилей кетсек, Филиппин дүйнөдөгү эң сейсмикалык активдүү аймактардын бири болгон Тынч океандын «От шакеги» зонасында жайгашкан. Бул аймакта жер титирөөлөр жана жанар тоолордун атылышы көп катталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар