Кечээ, 8-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулап, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынына даярдык көрүү жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.
Мындан сырткары, соода инфраструктурасын жакшыртуу, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жана Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашыруу маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.



