Башкы беткеЭкономикаБыйыл Кыргызстанга 12 млн турист келери күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстанга 12 млн турист келери күтүлүүдө

2026-жылы Кыргызстанга 12 миллионго жакын турист келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин президенти Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы өлкөгө 10 миллионго жакын турист келген. Ал эми туризм тармагынын экономикага кошкон салымы 1 миллиард доллардан ашкан.

Эдуард Кубатов белгилегендей, учурда туризм тармагы өлкөнүн ички дүң продукциясынын 5 пайыздан ашыгын түзөт. Жакынкы жылдары бул көрсөткүчтү 7,5 пайызга чейин жеткирүү пландалууда.

Ошондой эле ал Кыргызстандын авиакоопсуздук боюнча Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» чыгарылышы тармактын өнүгүшүнө кошумча түрткү берерин айтты.

«Өлкөнүн кара тизмеден чыгарылышы — маанилүү окуя. Бул Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосунда түз аба каттамдарын ачууга мүмкүнчүлүк түзүп, туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө болот», — деди ал.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар