Башкы беткеПрезидент"London Post" Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышын тарыхый жетишкендик деп атады

“London Post” Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышын тарыхый жетишкендик деп атады

Улуу Британиянын таасирлүү басылмаларынын бири “London Post” БУУнун Коопсуздук Кеңешине Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга мүчө болуп шайланышын тарыхый шайлоо, тарыхый жеңиш деп атады. “London Post” көз карандысыз медиасы Кыргызстандын убактылуу мүчөлүкко шайланышын талдап, кыргыз лидери Садыр Жапаровдун ийгилигине токтолду.

Гезитке жарыяланган макалада Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы өлкөнүн тарыхындагы маанилүү дипломатиялык жетишкендик катары бааланды. Добуш берүүдө Кыргызстан 142 мамлекеттин колдоосуна ээ болуп, эл аралык коомчулуктун жогорку ишенимине татыганы жарыяланган.

Ошондой эле бул жетишкендик Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюнун өсүп жатканын, эгемендүүлүк жылдарындагы ийгиликтеринин таанылганын жана Борбор Азиянын дүйнөлүк саясаттагы ролу барган сайын күчөп жатканын айгинелейт деп баяндалган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар