Башкы беткеЭкономикаAir Arabia Бишкек жана Ош багытындагы каттамдарын кайра жандандырат

Air Arabia Бишкек жана Ош багытындагы каттамдарын кайра жандандырат

Air Arabia авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдарын кайрадан жандандырат. Бул тууралуу Кыргызстандын авиация тармагынын өкүлдөрү Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында маалымдашты.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүү жана жарандык авиация тармагындагы кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланган.

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2026-жылдын 22-июнунан тартып Air Arabia авиакомпаниясы Шарджа – Ош – Шарджа багыты боюнча, ал эми 3-июлдан тартып Шарджа – Бишкек – Шарджа багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт.

Белгиленгендей, каттамдардын кайра жанданышы жарандардын эл аралык сапарларын жеңилдетип, жакындары менен жолугушуусуна, ошондой эле эмгек жана бизнес байланыштарын өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Ошондой эле бул чечим Кыргызстанга болгон эл аралык авиакомпаниялардын кызыгуусу өсүп жатканын жана өлкөнүн авиация тармагын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасын көрсөтөрү белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар