Башкы беткеДүйнөДүйнө чемпионаты тарыхта алгач ирет үч өлкөдө өтөт

Дүйнө чемпионаты тарыхта алгач ирет үч өлкөдө өтөт

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты тарыхта биринчи жолу дароо үч өлкөдө — Мексика, АКШ жана Канада аймагында өткөрүлөт.

Турнирге рекорддук көрсөткүч болгон 48 улуттук курама команда катышат. Күйөрмандарды 104 беттеш, күтүүсүз сенсациялар, күчтүү таймаштар жана бир айдан ашуун созулган футбол майрамы күтүп турат.

Ачылыш беттеши легендарлуу Estadio Azteca стадионунда өтүп, анда Мексика менен Түштүк Африка Республикасынын курама командалары кез келет.

Дүйнөнүн ар кыл бурчундагы миллиарддаган көрүүчүлөрдү дагы бир ирет футбол бириктирет. Планетанын башкы кубогун ким көтөрөрү 19-июлда өтө турган финалдык оюндан кийин белгилүү болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар