Башкы беткеПрезидентКыргызстан менен Япония кош салык салууну четтетет

Кыргызстан менен Япония кош салык салууну четтетет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кирешелерге кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Макулдашууга 2025-жылдын 19-декабрында Токио шаарында кол коюлуп, 2026-жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган. Документ эки өлкөнүн ички жол-жоболору аяктагандан кийин күчүнө кирет.

Макулдашуунун негизги максаты — бир эле кирешеге Кыргызстанда да, Японияда да эки жолу салык салуу учурларын жоюу. Бул эки өлкөдө иш жүргүзгөн компаниялар, инвесторлор жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Ошондой эле документ салыктарды төлөөдөн качууга жол бербөөгө, салыктык жеңилдиктерди мыйзамсыз пайдалануунун алдын алууга жана эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат алмашууну чыңдоого багытталган. Адистердин баамында, макулдашуу Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чет элдик инвестицияларды тартууга оң таасирин тийгизет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар