Башкы беткеПрезидентГраждандык кодекске исламдык каржылоо боюнча өзгөртүүлөр киргизилди

Граждандык кодекске исламдык каржылоо боюнча өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Документ 2026-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин колдонууга байланышкан укуктук ченемдерди өркүндөтүүгө багытталган. Ага ылайык, мурабаха бүтүмдөрүндө мүлккө болгон менчик укугун түздөн-түз кардарга тариздөөгө уруксат берилет.

Мындан тышкары, азайып бараткан мушарака механизминин түшүнүгү кеңейтилип, аны мүлктү биргелешип сатып алуунун формасы катары колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле исламдык финансылык инструменттердин тизмесин мыйзам алдындагы актылар аркылуу толуктоого шарт түзүлдү.

Жаңы өзгөртүүлөр өлкөдө исламдык каржылоо системасын өнүктүрүүгө жана анын укуктук базасын жакшыртууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар