Башкы беткеДүйнөДүйнөдө алкоголдук ичимдиктерди керектөө азаят

Дүйнөдө алкоголдук ичимдиктерди керектөө азаят

Дүйнөдө алкоголдук ичимдиктерди керектөө көлөмү жакынкы жылдары төмөндөйт. Эл аралык IWSR изилдөө компаниясынын болжолуна ылайык, 2031-жылга чейин спирттик ичимдиктерге болгон суроо-талаптын азайышы уланат.

Адистердин маалыматына караганда, АКШ, Кытай, Германия, Улуу Британия жана Япония сыяктуу ири рыноктордо алкоголдук ичимдиктерди колдонуу кыйла кыскарат. Ал эми Индия, Мексика, Вьетнам жана Колумбия өңдүү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө керектөө өсүшү күтүлүүдө.

Болжол боюнча, 2025–2035-жылдары дүйнөдө шарапты керектөө 14 пайызга, күчтүү алкоголдук ичимдиктер 2 пайызга, ал эми сыра 1 пайызга төмөндөйт. Ошол эле учурда алдын ала даярдалган коктейлдер жана ичүүгө даяр суусундуктар  сегменти 17 пайызга өсөт.

Эксперттер бул өзгөрүүлөрдү керектөөчүлөрдүн табитинин өзгөрүшү, сергек жашоо образынын жайылышы жана чыгымдарды үнөмдөө тенденциясы менен байланыштырышууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар