Башкы беткеДүйнөЭл-Ниньо кайра күчөшү мүмкүн: окумуштуулар эскертет

Эл-Ниньо кайра күчөшү мүмкүн: окумуштуулар эскертет

Тынч океандагы Эл-Ниньо климаттык кубулушу кайрадан активдешип, жакынкы айларда тарыхтагы эң күчтүү көрүнүштөрдүн бирине айланышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Улуттук океан жана атмосфера башкармалыгы (NOAA) билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Эл-Ниньонун быйыл күз айларынын соңунда же кыштын башында өтө күчтүү деңгээлге жетүү ыктымалдыгы 63 пайызды түзөт. Адистер анын күчүн 1997–1998-жылдардагы рекорддук Эл-Ниньо менен салыштырып жатышат.

Эл-Ниньо — Тынч океандын экватордук бөлүгүндөгү суунун температурасы нормадан жогорулаганда пайда болгон табигый климаттык кубулуш. Ал дүйнөнүн ар кайсы аймактарында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө таасир этет.

Окумуштуулардын айтымында, кубулуштун таасиринен айрым өлкөлөрдө сел жана нөшөрлүү жаан-чачын күчөшү мүмкүн. Ошондой эле кургакчылык, ысык аба ырайы, бороон-чапкын жана токой өрттөрүнүн саны көбөйүшү ыктымал.

Климат боюнча адистер Эл-Ниньо глобалдык температуранын дагы өсүшүнө шарт түзөрүн белгилешүүдө. Айрым божомолдор боюнча, 2027-жыл тарыхтагы эң ысык жылдардын бири болушу мүмкүн.

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Эл-Ниньону климаттык коопсуздук боюнча олуттуу эскертүү катары баалап, өлкөлөрдү мүмкүн болуучу кесепеттерге алдын ала даярданууга чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар