Башкы беткеПрезидентПрезиденттин Администрациясынын түзүмүнө жана ишине өзгөртүүлөр киргизилди

Президенттин Администрациясынын түзүмүнө жана ишине өзгөртүүлөр киргизилди

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүүгө багытталган жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине өзгөртүүлөр киргизилип, Президентке караштуу комиссиялардын жооптуу катчыларынын, Администрациянын сектор башчыларынын, башкы эксперттеринин жана мамлекеттик инспекторлорунун кызматтык макамы такталды.

Мындан тышкары, Президенттин Администрациясы жөнүндө жобого өзгөртүү киргизилип, анын түзүмүндөгү “бөлүмдөр, борборлор жана секторлор” сөздөрү “катчылык” деген сөз менен толукталуу милдеттендирилди.

Документке ылайык, Президенттин Администрациясынын жаңыланган түзүмү жана штаттык саны бекитилип, буга чейинки айрым жоболор күчүн жоготту деп табылды.

Жарлык мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга, Президенттин Администрациясынын ишин заман талабына ылайык өркүндөтүүгө жана башкаруу механизмдерин жакшыртууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар