“Манас” эпосун изилдөөчү жана жайылтуучу Шайырбек Абдырахман эпостун Саякбай Каралаев айткан варианты боюнча аудиокитеп даярдоо пландалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында адабият таануучу Абдылдажан Акматалиев менен талкууланып, тараптар аны ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишкен.
Демилгечи аудиокитепти даярдоого уруксат алынганын, бирок негизги маселе — каржылоо экенин белгиледи.
Анын маалыматына ылайык, эпостун биринчи бөлүгү толугу менен көркөм окуу форматындагы аудиокитеп түрүндө жазылып чыгат.
Шайырбек Абдырахман акыркы жылдары “Манас” эпосун кеңири жайылтуу багытында иш алып барып келет. Президент Садыр Жапаровдун эпосту изилдөө жана жайылтуу боюнча жарлыгынан кийин ал эпосту проза түрүндө баяндап, социалдык тармактарга жана өзүнүн YouTube каналында жарыялап келет.



