Кыргызстандык окуучу Физика боюнча Европа олимпиадасында (EuPhO 2026) өлкө тарыхындагы алгачкы медалды жеңип алды.
“Аалам” эл аралык мектебинин 12-классынын окуучусу Аскар Абдиев аталган абройлуу эл аралык мелдеште коло медалга ээ болуп, Кыргызстан үчүн EuPhO тарыхындагы алгачкы медалдын ээси болду.
Мындан тышкары, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 11-классынын окуучусу Айтегин Эмилбеков “Honourable Mention” сыйлыгына татыды. Бул да Кыргызстан үчүн Европа олимпиадасындагы алгачкы Ардак грамота болуп саналат.
Олимпиада 2026-жылдын 12–16-июнь күндөрү Швециянын Гётеборг шаарында өтүп, ага дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн 199 окуучу катышкан. Катышуучулар физика боюнча теориялык жана эксперименталдык тапшырмаларды аткарышты.
Кыргызстандын командасын Дүйшөн Сатыбалдиев жетектеди. Окуучулардын машыктыруучулары катары Чынтемир Сабыров, Улукбек Ажыбаев, Андрей Сидоренко жана Тургунбек Өмүрканов эмгектеништи.
Агартуу министрлиги жеңүүчүлөрдү куттуктап, бул жетишкендик өлкөнүн эл аралык билим берүү тармагындагы маанилүү кадам экенин белгиледи.



