Бүгүн Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Ишкерлер кеңешинин Башкармалыгынын жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын, Кытайдын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Индиянын, Пакистандын, Ирандын жана Беларустун бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ШКУ алкагындагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.
Катышуучулар бүгүнкү күндө дүйнөлүк атаандаштык мамлекеттердин деңгээлинен чыгып, ири экономикалык мейкиндиктердин ортосунда жүрүп жатканын белгилешти. Ушуга байланыштуу ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жаңы баскычка көтөрүү зарылдыгы айтылды.
Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Регионалдык инвестициялык долбоорлорду коштоо борбору ачылганы маалымдалды. Бул борбордун негизги максаты — ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы инвестициялык демилгелерди колдоо жана ири долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү.




