Башкы беткеИлимКыргызстанда илимди каржылоону көбөйтүү сунушталды

Кыргызстанда илимди каржылоону көбөйтүү сунушталды

Кыргызстанда илимий уюмдардын каржылык өз алдынчалыгын кеңейтүү жана жогорку окуу жайлардагы илимий изилдөөлөрдү каржылоону көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документке ылайык, ЖОЖдор илимди өнүктүрүүгө атайын эсептеги жылдык каражаттын кеминде 3 пайызын багытташы керек. Азыркы талап 1 пайызды түзөт.

Мындан тышкары, Улуттук илимдер академиясына, илимий мекемелерге жана ЖОЖдорго каржылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү сунушталууда. Алар ижарадан жана башка кызматтардан түшкөн каражаттарды өз алдынча пайдалана алышат.

Долбоордун авторлору бул өзгөртүүлөр илимий мекемелердин ишин натыйжалуу кылып, өлкөнүн илимий потенциалын чыңдоого жардам берет деп эсептешет.

Мыйзам кабыл алынса, расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар