Башкы беткеИлимКыргыз тилинин жазуу эрежелерин өркүндөтүү маселеси республикалык конференцияда талкууланды

Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өркүндөтүү маселеси республикалык конференцияда талкууланды

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен Улуттук илимдер академиясынын академик Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институту тарабынан уюштурулуп, ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын, илимий мекемелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, тилчи-окумуштуулар жана эксперттер катышты.

Конференцияда сөз сүйлөгөн мамлекеттик катчы Арслан Койчиев мамлекеттик тилдин өнүгүшү улуттук биримдикти чыңдоонун, билим берүү сапатын жогорулатуунун жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун негизги факторлорунун бири экенин белгиледи. Ал кыргыз тилинин жазуу маданиятын өркүндөтүү боюнча сунуштар илимий негизге жана кеңири коомдук талкууга таянышы керектигин баса көрсөттү.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук илимдер академиясынын академиги Сыртбай Мусаев кыргыз тилинин орфографиялык эрежелеринин толукталган жаңы редакциясынын долбоорун тааныштырды. Ал эми Министрлер кабинетине караштуу Котормо борборунун директору Тамара Абылкасымова сунушталган өзгөртүүлөр боюнча презентация жасап, колдонуудагы жана жаңы сунушталган эрежелерге салыштырма талдоо жүргүздү.

Катышуучулар кыргыз тилинин орфографиясын өркүндөтүү мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө, калктын сабаттуулугун жогорулатууга жана жазуу маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Конференциянын жыйынтыгында сунушталган жаңы орфографиялык эрежелердин долбоорун өлкөнүн бардык аймактарында кеңири коомдук талкуудан өткөрүү зарылдыгы айтылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар