Жети-Өгүз районунун билим берүү тармагынын өкүлдөрү Япониянын “IKIGAIDO” компаниясынын чакыруусу менен тажрыйба алмашуу максатында Японияда иш сапары менен болушту.
Делегациянын курамына райондук мамлекеттик администрациянын, билим берүү бөлүмүнүн, мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилери, ошондой эле мугалимдер кирди.
Сапардын алкагында алар мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу процессин уюштуруу, мугалимдерди колдоо, окуучулардын коопсуздугу, санитардык талаптарды сактоо жана мектептик тамактанууну уюштуруу боюнча Япониянын тажрыйбасын өздөштүрүштү.
Мындан тышкары, делегация Токио шаарындагы Кодайра муниципалитетинин өкүлдөрү менен жолугушуп, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, педагогдордун тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады.
Иш сапардын негизги максаты – Япониянын алдыңкы билим берүү тажрыйбасын Жети-Өгүз районунун мектептери менен бала бакчаларына жайылтуу, педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.



