Home Көчмөндөр оюндары Чолпон-Атада «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-музыка фестивалы ачылды

Чолпон-Атада «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-музыка фестивалы ачылды

Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-музыка фестивалынын ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты. Ал өз сөзүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги спорттук, маданий жана илимий иш-чаралары Бишкектеги ачылыш аземинен кийин Ысык-Көл жээгинде уланып жатканын белгиледи.

Улан Маматкановдун айтымында, фестиваль көчмөн элдердин тарыхын, салт-санаасын жана руханий мурасын музыка аркылуу таанытууга маанилүү мүмкүнчүлүк түзөт.

Ал кыргыз элинин дүйнөлүк көчмөн цивилизациясындагы ордуна токтолуп, «Манас» эпосун мамлекеттүүлүктүн, эркиндиктин жана биримдиктин улуу баяны катары белгиледи. Фестивалдын алкагында төрт күн бою Ысык-Көл облусундагы ат майданда ар кайсы өлкөлөрдөн келген чыгармачыл топтор жана өнөрпоздор өздөрүнүн улуттук музыкасын, ырларын жана маданий мурастарын тартуулашат.

Улан Маматканов көчмөндөрдүн музыкасы элдин тарыхын, кубанычын, кайгысын, эрдигин жана эскерүүлөрүн сактап келгенин белгилеп, фестиваль бул мурасты дүйнө элдеринин музыкасы менен айкалыштырып жатканын айтты.

«Көчмөндөр жаңырыгы» фестивалы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маанилүү маданий иш-чаралардын бири болуп саналат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here