Кыргызстанда электромобилдерди бажы алымын төлөбөстөн алып кирүү боюнча квота 15 миңден 25 миң даанага чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга кошумча 10 миң электр кыймылдаткычы менен жүрүүчү транспорт каражатын бажы алымын төлөбөстөн алып кирүүгө уруксат берилди. Тиешелүү чечим Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Кошумча квота 2026-жылдын 17-августунан тартып күчүнө кирет.
Министрликтин маалыматына ылайык, квотанын көбөйүшү экологиялык жактан таза транспорт каражаттарын импорттоону кеңейтүүгө, ички рыноктун талабын камсыз кылууга жана электромобилдердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Тарифтик жеңилдик белгиленген талаптар сакталган учурда Кыргызстанда ички керектөө үчүн чыгарылган электромобилдерге карата колдонулат.
Ошол эле учурда жеңилдик менен алып келинген электромобилдерди Россиянын же Казакстандын жарандарына, бул өлкөлөрдө туруктуу жашаган адамдарга, ошондой эле аталган мамлекеттердин мыйзамдары боюнча түзүлгөн юридикалык жактарга ээлик кылуу, пайдалануу же тескөө укугу менен өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Министрлик бул чара өлкөнүн автопаркын жаңылоого, электр транспортун өнүктүрүүгө жана жашыл экономикага өтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.



