Бүгүн, 2-сентябрда саат 19:00дө «Дордой-Номад» комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «NOMAD FEST» эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалынын расмий ачылыш аземи өтөт. Төрт күнгө созулган масштабдуу маданий иш-чара 5-сентябрга чейин уланып, анда кыргыз элинин бай көчмөн маданияты, улуттук салт-санаасы, кол өнөрчүлүгү, фольклору, улуттук бийлери жана заманбап этно-өнөрү тартууланмакчы.
Фестивалдын ачылыш күнү «Манастын кырк чоросунун асман тулпарлары» аттуу театралдаштырылган пролог менен башталат. «Манас» эпосунун саптарына негизделген бул масштабдуу композицияда кыргыз элинин баатырдык руху, биримдиги жана тарыхый-руханий мурасы музыка, бий жана актердук чеберчилик аркылуу даңазаланат. Мындан тышкары, «NOMAD FEST» алкагында «Этно-мода», «Этно-бий», «Көчмөн – жылдыздар» жана «Элдик кол өнөр» багыттары боюнча ар тараптуу чыгармачылык конкурстар да уюштурулат.
