Башкы беткеДүйнөТаиланддагы суу ташкындарынан каза болгондордун саны 60ка жетти

Таиланддагы суу ташкындарынан каза болгондордун саны 60ка жетти

Таиландда нөшөрлөгөн жаандан улам пайда болгон суу ташкындарынан каза болгондордун саны 60 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, суу ташкындары учурда Бангкокто жана өлкөнүн дагы 27 провинциясында уланууда. Табигый кырсыктан болжол менен 1,15 млн үй чарбасы жабыркады.

Таиланддын Метеорология департаменти 9–13-октябрь күндөрү өлкөнүн түндүк, түндүк-чыгыш, борбордук, чыгыш жана түштүк аймактарында катуу жаан-чачын, шамал жана мөндүр күтүлүп жатканын эскертти.

Бийлик жарандарды аба ырайы тууралуу эскертүүлөргө көңүл буруп, коопсуздук чараларын сактоого чакырды.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар